“Кең-Булуң-унаа жол” өткөрүү жайында казак жараны ок атуучу курал менен кармалды

“Кең-Булуң-унаа жол” өткөрүү жайында казак жараны ок атуучу курал менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, казак жараны Кыргыз Республикасынын аймагынан Казакстанга чыгууга аракет кылган. Анын унаасын текшерүү учурунда LOM-S-1 үлгүсүндөгү бир даана тапанча 98 даана огу менен табылган. Учурда бул боюнча тиешелүү материалдар топтолуп, кармалган жаран укук коргоо орандарына өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nadir27
2015-07-27 11:56:45
Ушунча ок менен отсом кармап алат деп ойлонбоду бекен аа.
0
Takai
2015-07-27 12:52:11
Сураган акчасын берип койсо отуп кетмек экен. Озунон корсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан