Мамлекет башчы "Дрыщтын" окуясы боюнча өз пикирин айтты

Бүгүн, 27-июль күнү мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарында журналисттер менен болгон жолугушууда "Дрыщтын" окуясы боюнча өз пикирин билдирди. 
"Жол-кайгуул кызматкерлеринин айдоочудан пара талап кылганы боюнча видео тарап, андан кийин тийиштүү орган жетекчилерине сөгүш берүү менен гана чектелишкенде ички иштер министри Мелис Турганбаевге айттым, "ушундай боло берсе, анда баарыңар эле иштен кете бергиле" деп. Паракорчулук биздин өлкөдө көндүм ишке айланып, адамдардын аң-сезимине сиңип калгандай туюлат. Жалгыздын иши жалгыз, жемкордукка каршы баарыбыз күрөшүүбүз керек",- деди.
Президенттин айтымында, акыркы учурларда кыргыз өлкөсүнүн жарандары коррупцияга каршы күрөшүүгө ишеним арта башташты. "Ишеним жаралбаса, анда Башкы прокуратуранын эң чоң башчыларынын бирине арызданышмак эмес. Ишеним болбосо, мага келип Данияр Нарымбаев коррупциялык ишке шектелип жатат деп айтышмак эмес. Ошондуктан мен коррупцияга каршы баштаган күрөшүбүз, ишибиз текке кеткен жок деп эсептейм",- деди Алмазбек Атамбаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан