Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Израилдин Тегеранга жасаган соккусунан бутунан жеңил жаракат алганын чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, 16-июнда эртең менен өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча кеңешинин отурумунда кол салуу жасалды. Жолугушууга Ислам Республикасынын президенти жана башка жогорку даражалуу расмий адамдар катышты.
"Террористтер эвакуация жолдорун жаап, аба агымын токтотуу үчүн имараттын кире беришине жана чыга турган жерлерине алты бомба же ракета атышкан", - деп жазат басылмалар.
Аткаминерлер алдын ала даярдалган люк аркылуу качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Анткен менен айрым жогорку даражалуу чиновниктер, анын ичинде Пезешкиан да бутунан жеңил жаракат алган.
Айта кетсек, эки өлкөнүн ортосундагы согуш 12 күнгө уланды.