Бүгүн, 27-июлда Чолпон-Ата шаарында журналисттер менен жолугушууда мамлекет башчы
Алмазбек Атамбаев президент катары өзүнө мураскер даярдабай турганын билдирди.
"Ордумду баса турган адамды даярдап, калтырып кетүүгө аракет кылбайм. Мен мамлекетибизде таза шайлоо өткөрүүгө аракет көрүп жатам. Таза шайлоо өтсө, эл татыктуу адамды өзү тандап алат. Президенттик мөөнөтүмдөн кийин өзүмдү премьер-министр, спикер катары көрбөйм. Жаңы шайланган президентке тынч иштөөгө мүмкүнчүлүк бергим келет, тоскоол болгум келбейт. Бир учурлар болгон, жазуучу болгум келген, ишкер болууну эңсеген учурларым да болгон. Эми жөн гана эс алууну каалаган учурлар да болуп жатат",- деп билдирди өлкө жетекчиси.