Президент: "Өлкөбүздө коррупция менен күрөш чын эле жүрүп жатканына эл ишене баштады"
"Кыргыз мамлекетинде коррупция менен күрөш жүрүп жатканына, азыр кол тийбестер болбой турганына элдин көзү жете баштады",- деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 27-июлда журналисттер менен жолугушууда. Мамлекет башчы буга чиновниктердин коррупция боюнча кармалып жатышын, алардын үстүнөн жарандардын арызданып жатышын мисал келтирди. "Жарандар Башкы прокуратуранын негизги башкармалыгынын башчысынын үстүнөн, президенттик аппараттын жетекчисинин үстүнөн арызданышууда. Мунун өзү коррупция менен күрөшүү аракетине элдин ишеними бар экенинен кабар берет. Акаев менен Бакиевдин (ред. мурунку президенттер) тушунда президенттик аппарат башчысынын үстүнөн арыз менен кайрылууга мүмкүн эмес болчу",- деп билдирди президент.