"
Мелис Мырзакматовго чыккан чечим - саясий буйрутма". Коомдук ишмер
Артур Медетбеков мындай пикирин бүгүн, 27-июлда Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди. Ал Мырзакматовдун күнөөсү конкреттүү далилденбегинин белгиледи.
"Мырзакматовго карата кылмыш ишинин ачылышынын башында эле саясий кызыкчылык болгон. Жакындагы соттун чечими да саясий буйрутма болуп жатат. Жактоочусунун айтканына караганда, соттук отурумда судьянын Мырзакматовду 7 жылга кесүүсүнө конкреттүү далилдер болгон эмес",- деди Медетбеков.
Ошондой эле ал Ош шаарында Мырзакматовдун тарапташтарынын нааразычылыгы курч болуп жатканын кошумчалады.
"Соттук отурумга катышкан жокмун, бирок 2-3 күн мурун Ошко барып, элдин маанайы төмөн, бийликке болгон көз караштары терс болуп жатканын көрүп келдим. Учурда авторитардык жана тоталитардык башкаруу жүрүп жатат",- дейт Медетбеков.