Мырзакматовдун партиялаштары анын кайда экенин айтуудан баш тартышты

Бүгүн, 27-июлда Бишкекте Мелис Мырзакматовдун партиялаштары маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып анын кайда экенин айтуудан баш тартышты. Алардын айтымдарында, Мырзакматов парламенттик шайлоого жакын өзү байланышып, качан келерин жана кайда болгонун билдирет. "Биз кайда жүргөнүн айта албайбыз, себеби анын жеке коопсуздугуна коркунуч пайда болуп калышы мүмкүн. Бирок 2-3 күн мурун байланышып сүйлөштүк",- дешти.  
Ал эми Ош шаардык кеңешинин депутаты Рысбек Мирзаматов сот чечимди ачык чыгаруудан чочулаганына токтолду. "Өткөн жылы Мелис Мырзакматов өлкөдөн чыгып кеткенден кийин ага карата кылмыш иши козголгон. Кечээки соттук отурумда судья аны ачык соттоодон коркту. Сот процесси 15-июлда башталып, улам жылып отуруп, 24-июль күнү чыгарылды. Чечимди биз үйдө отурганыбызда кабарлашты, "Мырзакматовду 7 жылга эркинен ажыраттык" деп. Ага чейин 24-июлда сот отуруму өтөт дегенинен келгенибизде, ишти караган судья Шералы Камчыбеков "соттук отурум бүгүн болбойт, эртең болот" деп кетирип жиберген. Биз кеткенден кийин ишти карап, 7 жылга кесип салышыптыр. 
Биз эми нааразычылык кылып көчөгө чыгып алсак болот, ага мыйзам жол берет. Бирок алдын ала сот ишин кайрадан карап, туура чечим кабыл алууга чакыралы деп маалымат жыйын өткөрүп жатабыз",- деди Мирзаматов. 
Ал эми Ош шаардык кеңешинин дагы бир депутаты Шайлообек Атазов Мырзакматовго кылмыш ишин козгоодон мурун алгач Ош шаардык кеңешинин депутаттарына козгош керек экендигин билдирди. 
"2013-жылы Ош шаардык кеңешинин 47 депутаты "шаарга эстакадалык көпүрө курулсун" деген токтом кабыл алып берген. Мэрия шаардык кеңештин токтомун аткарууга тийиш. Демек, алгач депутаттарга кылмыш ишин козгош керек эле. Бул жерден Мырзакматовго карата кысым жасалып жатканы көрүнүп турат",- деди Атазов. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан