Өкмөттө өлкөдөгү диний кырдаал жана коопсуздук маселелери талкууланды

Бүгүн, 27-июлда өкмөт башчынын төрагалыгы алдында өлкөдөгү диний кырдаал жана коопсуздук маселелерине арналган жумушчу жыйын өттү. Жыйынга коопсуздук боюнча вице-премьер-министр, укук коргоо жана коопсуздук органдарынын, КРнын Президентинин алдындагы Дин иштери боюнча комиссиянын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи катышты.

Премьер-министр Темир Сариев үстүбүздөгү жылдын 16-июлунда террордук топтун мүчөлөрүнүн Бишкек шаарындагы аракети өлкөбүздөгү терроризмге жана диний радикализмге каршы күрөш, коопсуздук, диний агартуу маселелерин кайрадан карап чыгып, бул жаатта ишти күчөтүүнү талап кылганын билдирди.

Жыйын жүрүшүндө тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери өлкөдөгү диний кырдаал жана коопсуздук боюнча маалымат беришти. Жыйын соңунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, КРнын Президентинин алдындагы Дин иштери боюнча комиссия, укук коргоо органдары жана Мусулмандар дин башкармалыгынын муфтияты биргеликте жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, укук коргоо органдарына экстремисттик жана террордук багыттагы күчтөргө каршы күрөштү күчөтүү жана жазаларды катаалдантуу, мечиттерди курууда мамлекеттик каттоого алууну иретке келтирүү тапшырмасы берилди. Ошондой эле 2014-жылдын 14-ноябрында КРнын Президентинин жарлыгы менен бекитилген диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат боюнча концепциянын аткарылышын карап чыгуу тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан