Сейитбек Эрматов өкмөткө караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын башчысынын орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Темир Сариев кол койгонун 27-июлда өкмөттөн билдиришти.
Эскерте кетсек, аталган кызматтын төрагасы жана 3 орун басары жакында кызматтан бошотулушкан. Мекеменин жаңы жетекчиси болуп Рафик Мамбеталиев дайындалган эле.