Абдырахман Маматалиев Ала-Букада жол буугандар жоопко тартылышы мүмкүн экенин айтты

Ала-Букада алтын казуу менен алектенген "Казахмыс Голд" компаниясына нааразычылык билдирип Ала-Бука - Көк-Таш жолун тоскондор боюнча 27-июлда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев пикирин айтты. Өкмөт өкүлүнүн билдиришинче, азыркы учурда аймакта кырдаал туруктуу. 
"Бийлик өкүлдөрү жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүштү. 29-июлда "Казахмыс Голд" компаниясынын өкүлдөрү келип, жол тосушкан эки айылдын жашоочулары менен жолугушары күтүлүүдө. Жолду мыйзамсыз тоскондорду жоопко тартуу боюнча мыйзам бар экенин белгилеп кетким келет",- деди Маматалиев. 
Вице-премьер жол тоскондор компания кызматкерлеринин 70 пайызын жергиликтүү калк түзүшү керектигин талап кылып жатышканын кошумчалады. "Учурда анда 747 адам иштесе, мунун 734ү мамлекетибиздин жарандары. Мунун ичинен 373 адам же кызматкерлердин 50,8 пайызы жергиликтүү жашоочулар",- деди Маматалиев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан