Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева үч сот аткаруучу тарабынан зордукталган Калия Арабекованы ооруканага жаткыруу, дарылоо, анын балдарына кам көрүү саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин жеке көзөмөлүндө болуусун тапшырды. Бул тууралуу 27-июлда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Азыркы тапта Социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан жабырлануучунун жашы жете элек эки баласына жардам көрсөтүү боюнча тийиштүү чаралар каралууда. Аларга социалдык баш калкалоочу жай берилди. Мындан сырткары юридикалык, психологиялык жана социалдык жардам көрсөтүлөт.