Кыргыз мамлекетинде патенттик системден баш тартуу пландалууда

Кыргыз мамлекетинде 2015-жылдын 2-сентябрынан баштап ыктыярдуу патенттин негизиндеги иштин түрлөрү 124төн 81ге чейин кыскарат. Тиешелүү токтомго өкмөттө кол коюлганын бүгүн, 28-июлда Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. 

Документ патенттөөнүн негизиндеги ишкердик ишмердигинин түрлөрүн иретке салат жана системдештирет. Токтомдо салыктын ставкасы объектиге жараша белгиленген объекттер боюнча (соода борборлорундагы адистештирилген жана адистештирилбеген дүкөндөр, бутиктер, базарлардагы жана кичи базарлардагы сатуулар) товарларды чекене сатуу чектелген.

"Азыркы учурда аймактык салык органдары тарабынан ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктардын суммасын белгилөө боюнча иштер жүрүп жатат. Өкмөт өлкөнүн патенттик тутумун минималдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Жакынкы үч жылдын аралыгында патенттик тутумдан толугу менен баш тартуу жана анын ордуна ишкерлер үчүн салыктарды төлөөнүн бирдиктүү же жөнөкөйлөтүлгөн тутумун киргизүү болжолдонууда",- деп билдирет мекеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан