Толкунбек Молдокеев өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалды

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп Толкунбек Молдокеев дайындалды. Бул тууралуу буйрукка 27-июлда өкмөт башчы Темир Сариев кол койгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. 

Жаңы дайындалган министрдин орун басарын министр Кубатбек Боронов 27-июль күнү жумушчу кеңешмеде жамаатка тааныштырып, анын мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.

Молдокеев буга чейин министрдин кеңешчиси болуп иштеп келген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан