Күзүндөгү парламенттик шайлоону өткөрүүгө 219 миллион сом жумшалат

Кыргыз мамлекетинде быйыл күзүндө парламенттик шайлоону өткөрүүгө 219 миллион сом жумшалат. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында айтылды. Мамлекеттин сыртындагы жарандардын добуш берүүсү үчүн мамлекеттик казынадан 4,2 миллион сом бөлүү пландалууда. Комиссиянын айрым мүчөлөрү аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутууга да каражат бөлүү зарылдыгын билдиришти. Тышкы иштер министрлиги чет өлкөдөн биометрикалык маалыматтын негизинде добуш бергендердин добушун эсептөөгө керектүү жабдуулар менен бардык элчилик, консулдуктарды жабдууга 13 миллион сом керектелерин билдирген. 
Шайлоону өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттын суммасы дагы көбөйүшү мүмкүн экенин билдиришти БШК өкүлдөрү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан