"Кыргызстан" саясий партиясынын тең төрагасы, депутат
Каныбек Иманалиев ырчы
Омардын алдамчылыкка шектелип камакка алынганын укпаганын бүгүн, 28-июлда
SUPER.KG`ге билдирди.
"Мен Таласка барган жокмун, Бишкекте жүрөм. Ырчынын камалышынан кабарым жок",- деп билдирди Иманалиев. Буга чейин ырчыны бошотуп алууга аталган партиянын өкүлдөрү аракет кылышып, жабырлануучу тарапты коркутуп жатканы тууралуу маалыматтар чыккан. Депутат бул тууралуу да пикир билдире албасын айтты.
Эскерте кетсек, Омар 27-июлда аталган партиянын атынан Таласта өткөрүлгөн концертке катышып, концерттен кийин укук коргоо органдары тарабынан кармалып,
камакка алынган. Жабырлануучумун деген ишкер
Болот Бейшеналиев ырчы былтыр 40 тонна төө буурчагы менен 20 миң доллар акчасын "1 айдан кийин берем" деп алганын, бирок бир жылдан бери кайтарып бербей жатканын
билдирүүдө.