Япониядан Кыргыз Республикасына 213 миллион иена кайтарымсыз жардам алуу боюнча документке кол коюлду

Каржы министрлигинде бүгүн, 28-июлда “Адистерди даярдоого стипендия көрсөтүү” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Япония өкмөтүнүн ортосунда гранттык макулдашууга кол коюлду. Макулдашууга ылайык, Япония долбоордун алкагында кыргыз өлкөсүнө 213 миллион иена суммасында кайтарымсыз жардам берет.

Документке кол коюуда каржы министри Адылбек Касымалиев Япония Кыргыз Республикасына кайтарымсыз жардам көрсөтүп келген маанилүү донорлордун бири экенин, 1992-жылдан бери адам ресурстарын, транспорт, социалдык тармакты жана экономиканы өнүктүрүүгө 570 миллион долларлык жардам көрсөткөнүн белгиледи. 2015-2016-жылдарга Япониядан окууга 15 мамлекеттик кызматкер тандалып алынганын кошумчалады.

Япониянын кыргыз жериндеги элчиси Такаюки Коикэ Японияда билим алып келген көптөгөн мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик органдарда ийгиликтүү иштеп жатканын белгилегенин аталган министрликтен кабарлашты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан