Саясий партиялар парламенттик шайлоого катышарын 5 күндүн ичинде БШКга расмий билдириши керек

Саясий партиялар күзүндө өтүүчү парламенттик шайлоого катышарын 5 жумуш күнүнүн ичинде БШКга расмий билдириши керек. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Шайлоого катышууну көздөгөн партиялар бүгүнкү күндөн тарта БШКга маалымат бериши шарт. Андан кийин партиялардын курултайлары өтүп, талапкерлердин тизмеси аныкталары, анда бардык талаптар аткарылса, БШК тизмени каттоого алары айтылды. 
Эскерте кетсек, президент Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, парламенттик шайлоо 2015-жылдын 4-октябрында өтөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан