Парламенттик шайлоого аттанган саясий партиялардын үгүт иштери расмий түрдө 4-сентябрда башталат. Мындай чечим бүгүн, 28-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынды. Шайлоого катышууга бел байлаган партияларды каттоо иштери август айынын ичинде жүрөрү, үгүттөө иштеринин расмий башталышына чейин партияларга ар түрдүү шайлоого карата акцияларды өткөрүүгө тыюу салынары айтылды.
Эскерте кетсек, президент Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, парламенттик шайлоо 2015-жылдын 4-октябрында өтөт.