Президент Алмазбек Атамбаев “Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун техникалык регламенти жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.
Документ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 26-июнунда кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты – тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын Евразия биримдигинин тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасынын коддоруна шайкеш келтирүү.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.