"Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу жөнүндө" макулдашуу ратификацияланды

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев “2015-жылдын 15-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу" жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.

Документти парламент 2015-жылдын 30-июнунда кабыл алган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Орусия тарапка жазуу жүзүндө кабарлама жиберүү тапшырмасы берилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан