БШК парламенттик шайлоого даярдык көрүү боюнча календардык планды бекитти

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого даярдык көрүү боюнча календардык планды бекитти. Ага ылайык, шайлоочулардын тизмеси таанышуу үчүн 20-августка чейин жарыяланат. Шайлоочунун тизмеде бар экендигин тастыктаган билдирмелер 25-августка чейин таратылат.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо 4-сентябрда башталат. Бул күнү шайлоого карата үгүт иштери расмий башталат. 4-сентябрга чейин үгүт иштерин жүргүзүүгө мыйзам аркылуу тыюу салынат.

БШКнын мүчөлөрүнүн чечими менен эл аралык байкоочуларды аккредитациядан өткөрүү 4-сентябрдан 1-октябрга чейин уланат.

Шайлоонун жыйынтыгын аныктоо 24-октябрга чейин жүргүзүлөт. Жыйынтыктарды массалык маалымат каражаттарында расмий жарыялоо шайлоонун жыйынтыгы аныкталган күндөн кийин эки апта ичинде уюштурулат.

Эскерте кетсек, президенттин жарлыгына ылайык, парламенттик шайлоо 2015-жылдын 4-октябрында өткөрүлөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан