"Чыгыш электр" ишканасынын Директорлор кеңешинин курамы өзгөрдү

28-июлда "Чыгыш электр" ишканасынын акционерлеринин кезексиз жыйыны өттү. Энергетика жана өнөр жай министрлигинен билдиришкендей, жыйында ишкананын Директорлор кеңешинин жаңы мүчөлөрү шайланышты жана төмөнкү маселелер боюнча чечим кабыл алынды:
1. Ишкананын 2015-жылкы бюджети тууралуу;
2. Ишкананын жобосуна өзгөртүү киргизүү тууралуу;
3. Директорлор кеңешинин учурдагы мүчөлөрүн мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотуу тууралуу;
4. Ревизиялык комиссияны түзүү тууралуу. 
Ишкананын Директорлор кеңешинин жаңы курамы төмөнкүдөй:
1. Мурат Осмонов

2. Владимир Толоконцев

3. Азамат Канагатов

Ревизиялык комиссиянын мүчөлөрү:

1. Алмаз Кошоев

2. Асеин Мамбетов

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан