Чүй облусунун Кемин районундагы "Талды-Булак-Сол-Жээк" алтын кен комбинаты ишке кирди. Бүгүн, 29-июлда премьер-министр Темир Сариев комбинаттын ишке берүү аземине катышканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Ачылыш аземинде Темир Сариев аталган комбинаттын ачылышы өлкө үчүн чоң мааниге ээ экенин белгилеп, экономика үчүн орчундуу окуя деп атады. Анын айтымында, бул кен өткөн кылымдын 60-жылдары эле чалгындалып, 1990-жылдан тарта "Талды-Булак-Сол-Жээк" кенин өздөштүрүүнүн техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу жана кенге инвесторлорду тартууга аракет жасоо боюнча чаралар көрүлгөн.
Кенди толук түрдө ишке берүү бүгүнкү күнгө туш келүүсү кубанычтуу окуя экенин Темир Сариев белгиледи.
"Пайдалуу кендердин запастары боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына ылайык, мында 60 тоннадан ашык алтын бар. Мындан тышкары кенде болжолдуу түрдө 60 тонна көлөмүндөгү күмүштүн запасы бар. Ошондуктан бул кенди өздөштүрүү Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн олуттуу мааниге ээ. 2011-жылдан 2015-жылга чейин мамлекеттик бюджетке 500 миллион сомдон ашуун салык төлөдү, эми ишке кирген соң жыл сайын 400 миллион сом салык төлөй турган болсо, анын 50 миллиону жергиликтүү бюджетке түшмөкчү. Муну менен катар миңден ашык адам жумуш менен камсыз болот, анын 80 пайыздан ашыгы жергиликтүү тургундардан алынат. Быйыл жыл аягына чейин комбинат 1 тонна 2 килограмм алтын өндүрүүсү пландалууда",- деди өкмөт башчы.