Темир Сариев кыргыз өлкөсүнүн алдында бир гана жол бар экенин айтты

Бүгүн, 29-июлда өкмөт башчы Темир Сариев "Талды-Булак-Сол-Жээк" алтын кен комбинатын ишке берүү аземинде сүйлөп жатып жакынкы аралыкта "Бозумчак" кени да толук кубаттуулукта иштеп баштаарын маалымдады. Темир Сариев мамлекетибиздин алдында бир гана жол бар экенин белгиледи. 

"Ал жол өнүгүүгө багыт алуу жолуУчурда өкмөт абдан ири долбоорлорду ишке ашырууга аракеттенип жатат. Алардын катарында завод-фабрикаларды куруу, ГЭСтерди ишке киргизүү, электр линияларын тартуу, сугат жерлерди өздөштүрүү долбоорлору каралган. Буларды ишке ашыруу үчүн ынтымак, биримдик жана туруктуулук керек. Тилекке каршы, ичибизде алдыга коюлган максаттарды ишке ашырууга тоскоол болуп, артка тарткандар бар. Аларга каршы биз биргеликте жок деп, биздин ураан тартип, эмгек жана өнүгүү экенин айтышыбыз зарыл",- деди ал.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан