Тажикстандагы этникалык кыргыздар үчүн Кыргыз Республикасындагы жогорку окуу жайлардан 2015-2016-окуу жылына карата 30 бюджеттик орун бөлүндү. Билим берүү жана илим министрлиги мындай чечим кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууга ылайык кабыл алынганын билдирди.
"Өлкөдөн тышкары жашаган мекендештерди билим берүү жана улуттук маданият маселелеринде колдоо чаралары жөнүндө" мамлекет башчынын буйругунун алкагында Билим берүү жана илим министрлиги жыл сайын этникалык кыргыздар үчүн жогорку окуу жайлардан 75 бюджеттик орун бөлөт",- деп билдирди министрлик.
Өзбекстандагы этникалык кыргыздарга да 30 бюджеттик орун бөлүнгөнү айтылды.