Президент Алмазбек Атамбаев "Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мыйзамга толуктоолорду киргизүү жөнүндө" документке кол койду. Бул тууралуу 29-июлда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 17-июнунда кабыл алынган. Мыйзамдын максаты - керектөөчүлөргө товарды өткөрүү жана тандоо укугун берүүдө накталай жана накталай эмес түрдө төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү. Мыйзам расмий жарыялангандан эки ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.