Өкмөттө 29-июлда парламенттик шайлоону өткөрүүнү уюштуруу жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча республикалык штабдын биринчи жыйыны өттү. Биринчи вице-премьер-министр, штабдын башчысы Тайырбек Сарпашев президенттин жарлыгы менен Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү 2015-жылдын 4-октябрына белгиленгенине токтолуп, буларды кошумчалады: "Штабдын башкы милдети - уюштуруу маселелеринде жана парламенттик шайлоону өткөрүүнү материалдык-техникалык жактан камсыздоого өз учурунда көмөктөшүү".
Штабдын мүчөлөрү август, сентябрь жана октябрь айларында аткарылчу иштердин планын талкуулап, бекитишти. Ага ылайык, 15-августка чейин Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандардын тизмесин БШКга электрондук формада жибериши керек.