Алмазбек Атамбаев менен министр Кубатбек Боронов чукул кырдаалдарга даяр болуу керектигин сүйлөшүштү

Президент Алмазбек Атамбаев менен өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов бүгүн, 30-июлда жолугушуп, мамлекет башчыга Аламүдүн, Ала-Арча, Сокулук дарыяларынын жээгин бекемдөө иштери тууралуу маалымат берилди. Министр республиканын бийик тоолорунда жайгашкан дарыя, көлдөрдөгү суунун деңгээли да көзөмөлдөнүп жатканын айтты. Тик учак менен үстүнөн карап чыгуунун жыйынтыгында көлдөрдүн абалы туруктуу экени белгилүү болгонун кошумчалады.
Алмазбек Атамбаев суу жээктерин бекемдөө боюнча министрлик жергиликтүү бийлик органдары менен иштешүүсү керектигин, кооптуу аймакта жашаган тургундар чукул кырдаалдарга даяр болушу зарылдыгын белгиледи.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан