Кыргыз-кытай чек арасында оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары кезекке турбай, баш аламандык чыкты

Тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов бүгүн, 30-июлда Кытайдын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ци Даюй менен жолугушту. ТИМдин билдиришинче, жолугушууда эки тараптуу саясий, соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүдө саясий ишенимдин жогорку деңгээлге чыкканы айтылды. "Торугарт" өткөрүү бекетинде Кытайдан кыргыз жерине кирчү оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары кезекке туруу тартибин бузуп жатышканын, буга ыкчам чара көрүү керектигин белгилешти тараптар. 
"Мындан тышкары сентябрда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн өлкө башчыларынын Кытайга барышына тийиштүү маселелер талкууланды",- деп билдирет министрлик. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан