Шайлоого катышарын "Ата Мекен", КСДП, "Өнүгүү-Прогресс", "Бир бол" жана башка 7 партия расмий билдирди

11 саясий партия парламенттик шайлоого катышарын Борбордук шайлоо комиссиясына расмий билдирди. БШКнын маалыматына таянсак, "Ата Мекен", КСДП, "Өнүгүү-Прогресс", "Бир бол" жана башка 7 партия расмий кат жиберди. Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. 
Эскерте кетсек, саясий партиялар күзүндө өтүүчү парламенттик шайлоого катышарын 5 жумуш күнүнүн ичинде БШКга расмий билдириши керектигин 28-июлда аталган мекеме жарыялаган. Партиялардан расмий билдирүүнү кабыл алуу 2-августта токтотулат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан