"Ата Мекен" менен "Жаңы муун" шайлоодо кызматташуу чечимине келишти
"Ата Мекен" партиясы менен "Жаңы муун" кыймылы парламенттик шайлоодо кызматташуу чечимине келишти. Эки уюмдун жетекчилери Өмүрбек Текебаев менен Мавлян Аскарбеков бүгүн, 30-июлда жолугушуп, бир пикирге келгенин жарыялашты. Кызматташуу меморандумуна кол коюу сентябрь айына жылдырылганын аталган партиядан SUPER.KG порталына билдиришти. "Меморандумга бүгүн кол коюу Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген үгүт иштерин жүргүзүү мөөнөтү тууралуу жобого туура келбей калат. Ошондуктан сентябрь айына, үгүт иштери расмий башталган учурга жылдырылды",- деп билдиришти партиядан.