Бүгүн, 30-июлда Каржы министрлигинде Кыргыз Республикасы менен Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) ортосунда “Агрардык өндүрүштүк-сатуу чынжырчасын каржылоо” долбоору боюнча каржылык жардам көрсөтүү жөнүндө келишимге кол коюлду. Аталган долбоорду ишке ашырууга Германия Федеративдик Республикасынын Өкмөтү грант түрүндө 9 миллион евро бөлөт. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Келишимге каржы министри Адылбек Касымалиев, Борбордук Азия, Кавказ, Чыгыш Европа өлкөлөрү боюнча KfW финансы системин өнүктүрүү тобунун жетекчиси Сильвия Пашке жана KfW`нын долбоор боюнча ага менеджери Дарег Забара кол койду.
Аталган долбоордун негизги максаты Кыргыз Республикасынын айыл чарба продукцияларын өндүрүү жана кайра иштетүү чөйрөсүндө экспорттук потенциалын чыңдоо болуп саналат. Долбоорду ишке ашырууга кыргыз өлкөсүндөгү финансылык институттар (банктар) тартылат.
Келишимге кол коюу иш-чарасынан тышкары донорлордун, кыргыз жериндеги финансы институттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Каржы министрлиги жана Германия өнүктүрүү банкы аталган долбоорду презентациялашты. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар долбоорго катышуу үчүн тандоо критерийлерин жана механизмдерин талкуулашты.