Өкмөттүн облустардагы бир катар өкүлдөрүнө, шаар башчыларына жана акимдерге эскертүү берилди (тизме)

Өкмөттүн облустардагы бир катар өкүлдөрүнө жана акимдерге эскертүү берилди. Бул тууралуу буйрукка өкмөт башчы Темир Сариев 29-июлда кол койгонун өкмөттүк аппараттан билдиришти.

1. Туристтик мезгилге даярдык көрүүдө олуттуу кемчиликтери үчүн:

- Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмил Каптагаевге эскертүү берилсин;
- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун акими Райымбек Имангазиевге сөгүш жарыялансын.

2. Олуттуу кемчиликтер жана талаптагыдай көзөмөлдөбөгөндүгү үчүн өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Рита Борбукеевага эскертүү берилсин.

3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын аппаратынын ишин жетишсиз уюштургандыгы, аткаруу тартибинин төмөндүгү жана жогору турган мамлекеттик органдардын чечимдерин аткарбагандыгы үчүн Ысык-Көл облусундагы Түп районунун акими Ишен Кожалиевге эскертүү берилсин.

4. Билим берүү системиндеги олуттуу кемчиликтер жана талаптагыдай көзөмөлдөбөгөндүгү үчүн өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Абдраиманкуловага сөгүш жарыялансын.

5. 2015-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн пландык көрсөткүчтөрүнүн көлөмүн камсыз кылбагандыгы жана Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин максатсыз пайдалангандыгы үчүн Талас облусунун Манас районунун акими Нурак Качкынбаевге эскертүү берилсин.

6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин талаптагыдай көзөмөлдөбөгөнү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарындагы аткаруу тартибинин төмөндүгү үчүн төмөнкүлөргө эскертүү берилсин:

- Ош облусунун Ноокат районунун акими Бекболот Айтиевге;
- Ош облусунун Кара-Кулжа районунун акими Каныбек Алиязовго.

7. Өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көрсөткүчтөрүн камсыз кылбагандыгы үчүн төмөнкүлөргө эскертүү берилсин:

- Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматовго;

- Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисовго;
- Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэри Кыянбек Сатыбалдиевге;
- Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри Мамбет Койчиевге;
- Чүй облусунун Кемин районунун акими Тынарбек Супатаевге;
- Чүй облусунун Москва районунун акими Талай Иманкуловго.

8. Өнөр жай өндүрүүнүн көлөмдөрүн камсыз кылбагандыгы, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландык көрсөткүчтөрүн аткарбагандыгы жана турак жай чарбанын ишин начар уюштургандыгы үчүн Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовго сөгүш жарыялансын.

9. 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясат боюнча мамлекеттик стратегиясын аткаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-чаралар планындагы иштерди аткаруу жөнүндө отчётторду өз убагында бербегендиги үчүн төмөнкүлөргө эскертүү берилсин:

- Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевге;
- Өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Самир Осмоналиевге;
- Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Разаковго;
- Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Байышбек Жуманазаровго.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан