“Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамга кол коюлду

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 30-июлда президенттик аппараттан кабарлашты. 

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 24-июнунда кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам менен автотранспорт каражаттарын пайдаланууда болгон жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыян үчүн автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы мамилелерди жөнгө салуунун укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук негиздери аныкталат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 6 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан