Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” документке кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 26-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамдын негизги максаты – акысыз алынган маданий-социалдык багыттагы объекттерге жана уюмдарга  салынган салымдарды кошумчаланган нарк салыгынан бошотуу жаатында так эместиктерди жоюу, ошондой эле куруучулар тарабынан инженердик тармактарды эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдарга объектини өткөрүп берүү мөөнөтүн кыскартуу боюнча салык мыйзамын оптимизациялоо.

Мыйзам ошондой эле айыл чарба продукцияларын экспорттоо үчүн максималдуу жөнөкөйлөтүлгөн шарттарды түзүүгө багытталган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан