Салык төлөөчүлөрдүн финансылык-экономикалык абалын турукташтыруу жана колдоо боюнча мыйзамга кол коюлду

Президент Алмазбек Атамбаев “Салыктар жана бажы төлөмдөрү боюнча кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салык санкциялары боюнча карызды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 31-июлда президенттик аппараттан кабарлашты. 

Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 17-июнунда кабыл алынган бул мыйзамдын негизги максаты – салык төлөөчүлөрдүн финансылык-экономикалык абалын турукташтыруу жана колдоо. Мыйзамда кошуп эсептелген пайыздар, туумдар боюнча карыздарды, салыктар жана бажы төлөмдөрү жаатындагы салык санкциялары боюнча карыздарды салыктардын жана бажы төлөмдөрүнүн негизги суммасын, ошондой эле учурдагы төлөмдөр боюнча төлөө мөөнөтүнө жараша толук же бир аздап эсептен чыгаруу каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана ал күчүнө кирген датадан тартып он айлык мезгилден кийинки айдын биринчи күнүнө чейин колдонулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан