Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабановдун партиялары кайра бөлүнгөнү тууралуу маалымат чыкты

Социалдык тармактарда Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабанов төрагалык кылган "Республика-Ата Журт" партиясы кайра экиге бөлүнгөнү тууралуу маалымат чыкты. SUPER.KG маалыматты ырастоо үчүн аталган партиянын өкүлү Нурлан Шакиевге байланышты. Шакиев айтылган маалыматтарды четке какты. "Эч кандай бөлүнүп-жарылуу болбойт, бул жөн айтылып жаткан сөз. Эки лидер шайлоого бирге барат",- деди ал. 
Эскерте кетсек, Ташиев менен Бабановдун партиялары бириккени 2014-жылдын 20-октябрында расмий жарыяланган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан