КСДПнын депутаттары Алай, Чоң-Алай райондорунан келген өкүлдөр менен жолугушту

Парламенттеги КСДП фракциясынын депутаттары 29-июлда Алай, Чоң-Алай райондорунан келген өкүлдөр менен жолугушту. 

"Биздин фракция мындай форматтагы жолугушууну дайыма өткөрүп келе жатат. Жогорку Кеңештин имаратына республиканын бардык аймактарынан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келишүүдө, алар көтөргөн айрым маселелер оң жагынан чечилүүдө",- деп билдирди жолугушууда фракция лидери Чыныбай Турсунбеков. Алай, Чоң-Алай райондорунан келген айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештин депутаттары, климаттык шарты катаал райондогу жетишкендиктерди, көйгөйлөрдү айтышты. Сары-Могол айылы Тажикстанга 46 жыл мурда ижарага берилип, 2004-жылы кайтарылганы айтылды. Бирок 5000ге жакын киши жашаган бул айыл өкмөтүнүн бир да жашоочусу үлүш жер албагандыктан, ардагерлер пенсияга чыга албай кыйналып жатышканын аталган айылдын өкмөт башчысы Аттокур Курмушев билдирди. Депутаттар айыл элин үлүш жер менен камсыздоону тиешелүү министрликтерге тапшырышты. 


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан