Парламенттик шайлоого катышарын Борбордук шайлоо комиссиясына расмий билдирген партиялардын саны 19га жетти. Бул тууралуу 31-июлда SUPER.KG'ге Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Канатбек Азиз кабарлады. Маалым болгондой, "Ата Мекен", КСДП, "Өнүгүү-Прогресс", "Бир бол", "Кыргызстан" жана башка 14 партия расмий кат жиберди.
Канатбек Азиз партиялардан расмий билдирүүнү кабыл алуу 2-августта токтотула турганын кошумчалады. Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.