Президент Алмазбек Атамбаев 31-июлда Швейцариянын президенти Симонетта Соммаруганы Швейцария Конфедерациясынын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында: “Ушул жылдын март айында сиз менен Берн шаарындагы жолугушууну жылуу эскерип, конструктивдүү жана жемиштүү өткөн сүйлөшүүлөргө канааттандыруу билдиремин. Эки тараптуу өз ара аракет мындан ары да биздин мамлекеттердин кызыкчылыгында өнүгө берерине ишенем”,- деп белгиленет.
Атамбаев Симонетта Соммаругага бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгилик, ал эми достук мамиледеги Швейцария элине тынчтык жана бейпилдик каалады.