Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Казакстандын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кошулушу тууралуу протоколго кол коюлушу менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевди куттуктады. Куттуктоосунда президент Казакстан үчүн бул тарыхый кадам экенин белгиледи.
"Казакстан пайдалуу шартта глобалдык соода системи боюнча көптөн күткөн максатына жетти. Казакстандын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун жана Евразиялык экономикалык союздун талаптарын максималдуу түрдө аткара алышы кубанарлык",- деп айтылат куттуктоодо.
Мамлекет башчы Казакстандын уюмга мүчө болушу өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө мүмкүнчүлүк түзөрүнө ишенерин билдирди.