Алмазбек Атамбаев Ирандын президентин ядролук программа боюнча Бирдиктүү пландын кабыл алынышы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роуханини Иран жана “Алтынын тобу” форматындагы көп жылдык сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү аяктап, жыйынтыгында ядролук программа боюнча бардык аракеттерди камтыган Бирдиктүү пландын кабыл алынышы менен куттуктады. Бул тууралуу 1-августта президенттин басма сөз кызматы билдирди.

“2015-жылдын 14-июлунда Вена шаарында өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кабыл алынган чечимдер Ирандын экономикалык өсүшүнө, ошондой эле жалпы региондогу жана дүйнөдөгү стабилдүүлүккө, коопсуздукка, өсүп-өнүгүүгө түрткү берүүчү тарыхый чечимдер”,- деп айтылат Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосунда.

Мамлекет башчысы мурдатан калыптанып калган достукка жана өз ара пайдалуу кызматташтыкка негизделген кыргыз-иран мамилелери эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгында мындан ары да өз нугунда өнүгө берерине ишенимин билдирди.

Мындан ары да биргелешкен иш-аракеттерге даярдыгын баса белгилөө менен президент Алмазбек Атамбаев Ирандын президенти Хасан Роуханиге бекем ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан