Электр энергиясы кымбаттады. Эми 1 киловаттка 77 тыйындан, 700 киловаттан ашыгына 2 сом 16 тыйындан төлөнөт
Кыргыз мамлекетинде 1-августтан тарта электр энергиясынын тарифтери 10 пайызга кымбаттады. Бүгүндөн баштап 700 киловатт-саатка чейин колдонгон абоненттер мурункудай 70 тыйындан эмес, 77 тыйындан төлөшөт. Айына 700 киловаттан ашыкча пайдалангандар ар бир киловатт-саатына 2 сом 16 тыйындан төлөөгө өтүшөт. Өндүрүш ишканалары жана калган керектөөчүлөрдүн баары 2 сом 24
тыйындан төлөшөрү айтылды. Отун-энергетика тармагын жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик жаңы тарифте бийик тоолуу
аймактарга электр жарыгын колдонуу 300 киловаттка көбүрөөк берилип
жатканын билдирди. Ошондо тоолуу аймактын тургундары 1000 киловаттка чейин 77 тыйындан, андан ашканына 2 сом 16 тыйындан төлөшү керек болот. Айта кетсек, өкмөт электр жарыгынын баасын жыл сайын көтөрүп турууну пландоодо.