- "Республика-Ата Журт"
- "Бир бол"
- "Кыргызстан"
- КСДП
- "Мекен ынтымагы"
- "Бүтүн Кыргызстан-Эмгек"
- "Ар-намыс"
- "Азаттык"- "Ыйман нуру"
- "Ак калпак"
- "Тартип-Порядок"
- "Кут"
- "Билим-илим ордосу"
- "Кыргызстандын жумушчулар партиясы"
- "Глас народа - Эл добушу"
- "Өндүрүш, айыл чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн кызыкчылыгын коргоочулардын партиясы"
- "Улут ордо"
- "Жаңы мезгил"
- "Кыргыз-Ата"
- "Чындык"
- "Бирге-Вместе"
- "Кайран эл"
- "Кыргызстан элдеринин конгресси"
- "Жашылдар партиясы"
- "Эгемен Кыргызстан"
- "Союз"
- "Улуу Кыргызстан"
- "Аруу эл"
- "Келечек-Будущее"
- "Замандаш"
- "Свобода и демократия"
- "Аалам"
2010-жылкы парламенттик шайлоого 29 партия катышкан эле.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен календардык планга ылайык, шайлоочулардын тизмеси таанышуу үчүн 20-августка чейин жарыяланат. Шайлоочунун тизмеде бар экендигин тастыктаган билдирмелер 25-августка чейин таратылат. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо, шайлоого карата үгүт иштери 4-сентябрда расмий башталары жарыяланган.
БШКнын мүчөлөрүнүн чечими менен эл аралык байкоочуларды аккредитациядан өткөрүү 4-сентябрдан 1-октябрга чейин уланмакчы. Шайлоонун жыйынтыгын аныктоо 24-октябрга чейин жүргүзүлөт. Жыйынтыктарды массалык маалымат каражаттарында расмий жарыялоо шайлоонун жыйынтыгы аныкталган күндөн кийин эки апта ичинде уюштурулмакчы.
Эскерте кетсек, президенттин жарлыгына ылайык, парламенттик шайлоо 2015-жылдын 4-октябрында өткөрүлөт.