Кемин районундагы жол кырсыгынан бир адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 2-август күнү саат 18:35 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 97-чакырымында болгон. Анда УАЗ, Тойота жана Вольво үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Анын кесепетинен 1 адам жабыркаган. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, жабыркаган адамга алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн.