"Жер-Үйдү" иштетүүгө каршы чыккан Таластын акими Райкан Өзүбеков кызматтан алынды

Талас районунун акими Райкан Өзүбеков кызматтан алынды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Темир Сариев кол койгонун 3-августта өкмөттөн билдиришти. Маалыматка таянсак, аким кызматтан кетүүгө өз каалоосу менен арыз жазган. 
Айта кетсек, экс-аким буга чейин "Жер-Үй" кенин иштетүүгө каршылык билдирип келген. Аталган райондогу 11 айыл өкмөтүнүн башчылары "эгер акимди иштен бошотушса, анда биз дагы кызматтарыбызды тапшырабыз" деп билдиришкен. Райондогу 13 айыл өкмөт башчыларынын 11и аталган кенди иштетүүгө каршы чыгышкан эле. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан