2016-жылга республикалык бюджеттин долбоору аймактарда талкууланат

2015-жылдын 3-5-августунда Ош жана Жалал-Абад шаарларында, 10-12-августта Нарын жана Каракол шаарларында Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетинин долбоору жана
2017-2018-жылдарга болжолу боюнча коомдук угуулар өтөт.

Каржы министрлигинин билдиришинче, коомдук угуулардын башкы максаты - мамлекеттик каржыны башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу: бюджеттин ачыктыгын камсыздоо, бюджеттик процесстерге жарандардын кызыгуусун арттыруу. Иш-чарага Каржы министрлигинин жетекчилиги, жооптуу кызматкерлер, жарандык коомдун өкүлдөрү, айыл, шаар, район, облус жетекчилери катышат.

"Мындай иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү маанилүү маселелер менен жеринен таанышып, элдин ой-пикирин угуп, бюджетти туура жана натыйжалуу пландоого мүмкүнчүлүк түзөт. Угууга катышкан ар бир жаран мамлекетибиздин келерки жылдарга бюджетинин долбоору боюнча сунуш-пикирлерин билдире алат жана бюджетке, каржылоого байланышкан маселелер боюнча министрликтин кызматкерлеринен жооп алууга мүмкүнчүлүгү болот",- деп билдирет мекеме. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан