Кара-Сууда республикалык бюджеттин эсебинен 27 социалдык мекеме курулууда

Ош облусунун Кара-Суу районундагы социалдык мекемелердин курулушуна жыл башынан бери республикалык бюджеттен 59 миллион сом бөлүндү. Аталган райондо республикалык бюджеттин эсебинен 27 социалдык мекеме: 2 фельшердик-акушердик пункт, 3 бала бакча, 19 мектеп, 3 спортзал курулууда ("капиталдык салымдар" беренеси боюнча).

Каржы министрлигинин билдиришинче, түрк насыясынын эсебинен Савай, Кашкар-Кыштак, Учар, Стант, Сары-Колот, Беш-Мойнок жана Төлөйкөн айылдарында жаңы мектептер курулду.

Капиталдык салымдар – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилүүчү долбоорлордун сметалык каржылоосун өз ичине камтыган өнүктүрүү бюджетиндеги берене. Мамлекеттик приоритеттүү социалдык-экономикалык мааниге ээ объекттерди өнүктүрүү үчүн пайдаланылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан