Жогорку Кеңештин депутаты, 100 миң доллар пара менен кармалган Хажимурат Коркмазовду Бишкек шаардык соту үй камагына чыгарды. Депутаттын жактоочулары кардарын ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгаруу боюнча сотко өтүнүч келтиришкен эле. Айыпталуучу депутат 23-июлда СИЗОдон УКМКнын атайын ооруканасына которулган.
Эскерте кетсек, Коркмазов 15-июлда Бишкектин мурунку мэри
Нариман Түлеевдин жакындарынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке президенттик аппараттын мурунку башчысы
Данияр Нарымбаевдин катышы бар экенин
билдирген. Коркмазов президенттик аппараттын ошол кездеги жетекчиси Нарымбаев менен сүйлөшүп алып Н.Түлеевдин жакындарынан 200 миң доллар сураганы аныкталган эле. Бул акча Түлеевге караштуу мүлктөрдүн конфискацияланышын Жогорку Сотто оң тарабына чечип берүү үчүн суралган. Кылмыштын башкы фигуранты катары шектелип Данияр Нарымбаев 2 айга камакка алынганы белгилүү.