Кыргыздар менен дунгандардын ортосундагы уруштан улам Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакыт Кашкарлыков кызматтан алынды. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Токмок ШИИБинин жетекчиси менен бирге анын орун басары жана төрт милиция, Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн башчысы Нурлан Бектуров да кызматтарынан алынышкан.
Айта кетсек, 27-июль күнү саат 17:10 чамасында Токмоктогу “Булак” базарында кыргыз улутундагы адамдар менен дунган улутундагы адамдардын ортосунда уруш чыккан. Аларды ажыратуу үчүн ортого түшкөн милиция кызматкерлеринин бири башынан жаракат алган.